Жан айласы... Муунта орогон жыланды тиштегилеп өлтүргөн филиппиндик киши

© AP Photo / Nick UtПитон. Архив
Питон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Окуя Филиппиндин Бохоль провинциясында болгонун британиялык Metro басылмасы жазды.
Мотоцикл менен айыл жолунда барткан Больхулио Алерия аттуу тургундун жолунан питон чыккан.

"Эркек киши аны өткөрүп жиберүү үчүн токтогон маалда жылан ага кол салган. Азуусун билекке батырып, бүт боюн ороп алган. Алерия аман калуу үчүн питонду алсыратуу керектигин түшүнүп, аны тиштегилей берген да, акыры бошонуп аман калган. Жылан, бактыга жараша, кишинин бир да артериясына залал келтирген эмес, бирок Больхулио көп кан жоготкон. Эптеп жакын турган үйгө жетип, ал жерден жабырлануучуга тез жардам чакырып беришкен. Филиппинде жылан тамак-аштын бир бөлүгү болгондуктан, кол салган питонду да кийин жеп алышкан", — деп айтылат кабарда.

Жыландын уусун алуу. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Ала-Букада ири көлөмдө жыландын уусун сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0