Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Режиссер: кыргыз тасмалары түрлүү жанрда тартыла баштады

© Sputnik / Асел АкматРежиссер Сүйүн Откеев
Режиссер Сүйүн Откеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Жазылуу
Режиссер Сүйүн Откеев кийинки жылы 60ка жакын кино жаралышы мүмкүн экенин айтты.
2023-жылы Кыргызстанда 42 тасма тартылгандыгын Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Режиссер: кыргыз тасмалары түрлүү жанрда тартыла баштады
Анын айтымында, кийинки жылга азыртан баштап эле кинотеатрда көрсөтүлүүчү тасмалар аныкталып, бош күн калбай калган.

"Барган сайын кыргыз кинолору жанданып, түрлүү жанрда тартыла баштады. Буга чейин көбүнчө комедия тартылып келсе, бара-бара башка жанрлар кошулуп, жакында коркунучтуу тасмалар да жаралышы мүмкүн. Бардык жактан өсүү бар десек болот. Бул жылы кинотеатрларда көрсөтүлүп расмий каттоодон өткөн 42 тасма тартылды. Ал эми келерки жылы 60ка жакын кинонун тартылышы болжолдонууда. Кинотеатрларда бош күн дээрлик калбай калды. Бир гана жай мезгилинде орун бар азырынча. Бирок ал деле жакында толот", — деди Откеев.

Ал Этномедиа платформасында эң көп көрүлгөн тасмалар "Аяш", "Полчан", "Курьер" жана "Супер кудалар" экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0