ЕАЭБ менен Египеттин эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашуусу дээрлик соңуна чыкты

© AFP / AHMAD GHARABLIАс-Сахаба мечитинин жанында Египеттин желеги желбиреп турат
Ас-Сахаба мечитинин жанында Египеттин желеги желбиреп турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Египет менен Евразия экономикалык бирикмесинин ортосунда эркин соода жүгүртүү аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгуу этабында турат. Бул тууралуу РФтин Египеттеги соода өкүлү Алексей Теванян РИА Новостиге билдирди.
"Келишим биздин товарлардын Египеттин рыногуна барышын жеңилдетет. Товар айлантуунун эркин аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгуу этабында турат", - деди ал.
Евразия экономикалык биримдиги — эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме. Уюм 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп келет. Ага Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан мүчө. 2020-жылы ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жолугушуусунда Куба менен Өзбекстанга байкоочу статусун берүү чечими кабыл алынган.
Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Аббас Али-Абад ЕАЭБ желегинин фонунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода боюнча макулдашуусунун мааниси чоң. Себебине сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0