Торжественное мероприятие по поднятию обновленного флага КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын желегиндеги айрым элементтерди өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Кеп түндүктүн чамгарагы менен күндүн нуру тууралуу болууда. Тармактык комитет мыйзам долбоорун колдоду. Эми депутаттар аны жалпы жыйында кенен талкуулашмакчы.

“Ала-Тоого” жаңыланган туу илинди. Сүрөт

© Sputnik / Акбар АкжигитовПоднятие обновленного флага на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Поднятие обновленного флага на площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2024
Жазылуу
Илинген желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Баш калаадагы борбодук “Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу илинди.
Республика мамлекеттик тууну расмий 2023-жылдын 26-декабрында өзгөрткөн. Желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жаңы желек кабыл алынган күндө да мурдагы тууга аяр мамиле сакталарын айткан.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевди туунун бир катар элементтерин өзгөртүүнү суранганын айткан. Коомдо мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча ар кыл пикирлер жаралып, бир катарлары каршы чыккан. Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорун колдоп, акырында мамлекеттик туу өзгөргөн.
Ала-Тоо аянтындагы флагшток. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Кыргызстандыктар эми өзгөртүлгөн желекти колдонот. Мыйзам күчүнө кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0