Ким Чен Ын АКШ, Түштүк Корея менен жаңжал жаралса таш-талканын чыгарууну буюрду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТүндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2024
Жазылуу
Бул тууралуу Түндүк Корея башчысы армия командирлери менен жолукканда айткан.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын күч түзүмдөрүнүн башчыларына жаңы жыл алдында жолукканда АКШ менен Түштүк Корея конфронтация жолун тандап жаңжал жаратса, алардын таш-талканын чыгарган сокку жасоого даяр турууну буюрду. Бул тууралуу жергиликтүү "Корея үнү" радиосу жазганын РИА Новости агенттиги таратты.
"Жолдош Ким Чен Ын биздин революция тынымсыздык менен канчалык өнүккөн сайын, АКШ менен түштүк кореялыктардын ага каршылык көрсөтүү, бут тосуу аракеттери ошончолук күчөй турганын белгиледи. Анын айтымында, биздин армия аларга каршы турууда чечкиндүү болуп, душманды так ажырата билип, алар тарабынан чагымчыл аракеттер болсо аёосуз жооп бериши керек. Эгерде алар Корея Элдик Демократиялык Республикасы менен аскердик каршылашуу жолун тандап, жаңжалдын чыгышына алып келишсе, анда армия бардык күчүн бир жерге топтоп, кылчактабай туруп каршылаштын таш-талканын чыгара турган сокку бериши керек", — деп жазган радио Түндүк Корея лидеринин айткандарын.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Восточный космодромунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Россия менен Түндүк Кореянын кызматташтыгы. Алдыда эмне күтөт?
Жаңылыктар түрмөгү
0