3-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
3-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 3-январь, шаршембиде, күн ачык болот. Мезгил-мезгили менен ала булут каптап турат. Жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +6...+11, Ысык-Көлдө +2...+7 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -3...-8 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаада +5...+7, Ош шаарында +9...+11 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Колл-центрдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Ош шаары: эс алуу күндөрү кайрылчу муниципалдык кызматтардын номерлери. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0