Кыргызстан өсүмдүк майларынын дээрлик баарын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАял дүкөндөн күн карама майын тандайт. Архив
Аял дүкөндөн күн карама майын тандайт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
Былтыр Айыл чарба министрлиги Кыргызстан өсүмдүк майларынын 70 пайызын импорттоорун билдирген.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстан өсүмдүк майларынын дээрлик баарын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алат. Бул туурасында Статкомдун маалыматында айтылган.
Былтыр айыл чарба министри Кыргызстан өсүмдүк майларынын 70 пайызын импорттоорун билдирген. Өлкө ичинде майдын аталган түрүн алуучу өсүмдүктөрдү эгүүнү каалаган фермерлердин аз экени айтылган.
Статком өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын аталган продукциядан 30,6 миң тонна импорттогонун билдирди.
Импорттогон өлкөлөр:
Россия — 25 390,7 тонна;
Казакстан — 5 150,4 тонна.
Армения — 54,5 тонна;
Азербайжан — 24,6 тонна.
Талаада гречка жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Өлкөдө сейрек айдалганы менен сырттан көп сатып алынган өсүмдүктөр. Сандар
Жаңылыктар түрмөгү
0