Дарыгерге онлайн-жазылуу үчүн иштеген тиркеме, сайттар. Тизме

© Sputnik / Медиабанкка өтүүДарыгер бейтаптарды кабыл алуу учурунда. Архив
Дарыгер бейтаптарды кабыл алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
Бул бейтаптарга ыңгайлуулукту жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги санариптик медициналык картаны жана дарыгердин кабыл алуусуна онлайн-жазылуу кызматын киргизүүдө.
Мекеменин маалыматына ылайык, кызматтын техникалык модернизациясы бейтаптарга ыңгайлуулукту жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга, үй-бүлөлүк дарыгерлердин кабыл алуусун онлайн-режимде түзүүгө мүмкүндүк берет.
Онлайн режиминде бир нече жол менен дарыгерге жазылууга болот:
бирдиктүү санариптик ден соолук порталынын сайтына кирип, i.med.kg бирдиктүү санариптик ден соолук порталына өтүңүз. Ал жерден "Дарыгердин онлайн кабыл алуусуна жазылууну" тандаңыз;
"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу да жазылса болот. Тиркемеден "Менин ден соолугум", андан кийин "Дарыгерге онлайн-жазылууну" басасыз;
MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу да дарыгерге жазылууга болот. Бул үчүн "Кызматтар" бөлүмүнөн "Дарыгерге онлайн-жазылууну" тандап, "Жазылуу" деген функцияны басыңыз.
Министрликтен эскертишкендей, бейтап ден соолугун текшертүү үчүн кайрыла турган эң алгачкы медкызматкер – үй-бүлөлүк дарыгер же үй-бүлөлүк медайым.
Дарыгердин кабыл алуусунда аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Кыргызстанда 2 млн. санарип эмдөө картасы түзүлүп, 20 млн. сом үнөмдөлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0