Кыргызстанда 6,5 килограммдык ымыркай төрөлдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндөгу келин ымыркайы менен. Архив
Төрөт үйүндөгу келин ымыркайы менен. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн салмагы 6,5 килограммдык бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ымыркай Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келди. Энеси бешинчи баласын төрөгөн.
Эске салсак, 2021-жылы Караколдо 6,6 килограммдык бала төрөлгөн. Ал эми 2023-жылдын жай айында борбор калаада салмагы 5 килограммдан ашык ымыркай жарык дүйнөгөн келген.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2024
2023-жылы Кыргызстанда ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлду? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0