Өлкө өткөн жылдын 9 айында 447 млн. литр бензин сатып алган

© Sputnik / Мария ДевахинаМай куюучу станциясында турган күйүүчү май ташуучу унаа. Архив
Май куюучу станциясында турган күйүүчү май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
Кыргызстан өткөн жылы майды ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн гана алган.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстан, соңку маалыматтар боюнча, өткөн жылы (январь-октябрь) 447,1 миллион литр бензин импорттогон. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Жалпы көлөм 183,7 миллион долларга бааланган.
Импорттогон өлкөлөр:
Россия — 407 миллион 687,2 миң литр;
Казакстан — 39 миллион 201,7 миң литр;
Беларусь — 157,4 миң литр;
Армения — 62,2 миң литр.
Мурдагы жылы бензинди Кыргызстан жогоруда белгиленген өлкөлөрдөн сырткары Өзбекстан менен Түркмөнстандан (6,4 миллион литр) да сатып алган.
Нефть продуктылары учун темир жол цистерналары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Путин: Россия Кыргызстандын күйүүчү майга болгон керектөөсүн камсыздайт
Жаңылыктар түрмөгү
0