Кыргызстан жаратылыш газынын көп бөлүгүн Россиядан импорттойт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүГаз түтүктөрү. Архив
Газ түтүктөрү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
Кыргызстан көгүлтүр оттун импортун көбөйттү.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өлкө жаратылыш газынын көп бөлүгүн Россиядан импорттойт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Узаган жылдын соңку маалыматтары боюнча (январь-октябрь), өлкө дээрлик 307 миллион куб метр жаратылыш газын 46 миллион доллардан ашык каражатка сатып алган.
Саткан өлкөлөр:
Россия — 276 млн 32,2 миң куб метр;
Өзбекстан — 30 млн 930 миң.
Бул мамлекеттерден 2022-жылы 279,4 миллион куб метр газ импорттолгон.
Көмүр жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кыргызстан көмүр импортун 2,5 эсеге көбөйттү
Жаңылыктар түрмөгү
0