Кыргызстан аймактык жана дүйнөлүк саясаттын чордонунда. Жылды жыйынтыктоо

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевКМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
Тышкы саясатта Кыргызстандын келечеги кандай болот, өткөн жыл эмнеси менен эсте калды, ал окуялар өлкөнүн эртеңине кандай таасир берет? Төмөндө колумнист 2023-жылды жыйынтыктаган ой толгоосу менен бөлүштү.

Жалпы баа

Эки жана көп тараптуу алкактагы динамикалуу тышкы саясат, эл аралык маанидеги маселелерде так позиция жана жакын союздаштар менен стратегиялык өнөктөштүккө ыктоо. Кыргызстандын 2023-жылдагы саясий турмушуна сереп салсак, кыскача жыйынтык ушундай болот. Бул акыркы 10-15 жылдагы эң эле жигердүү мезгил болду десек жарашат.
Албетте, бул жерде дүйнөлүк саясаттын чордонун Евразияга оодарган 2022-2023-жылдардагы окуяларды эске алуу керек. Чындап эле акыркы мезгилдин эң эле драмалуу окуялары ушул учурга туш келди, мында жалаң Украинадагы аскерий конфликт менен Россияны жалгыздатуу эле эмес, Россияга тилектеш мамлекеттерге жасалган кысымды да белгилей кетүү зарыл. Бул мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы да бар. Анткен менен өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттер анчейин өзгөрбөгөнүн да айта кетиш керек. Россия менен стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделиши — 2023-жылдагы да, андан кийинки мезгилдеги да кыргыз-орус мамилесинин олуттуу активи болду. Жалпы Борбор Азияда соода-экономикалык, инфраструктуралык өнүгүүдө ролу эбегейсиз чоң болгон Кытай менен алака да мааниси чоң фактор бойдон калары шексиз.
Кыргызстан Түркия, Евробиримдик, АКШ жана башка мамлекеттер менен түзүлгөн мамилесинин деңгээли былтыркы жыл өлкөнүн көп векторлуу саясат принцибин өзгөртпөгөнүн көрсөтүп турат.
2023-жылдагы консультативдик жолугушуулардын алкагындагы Борбор Азиядагы интеграциялык процесстер азырынча аймакты соода-экономикалык, транспорттук жана башка байланышы жолго коюлган бүтүн регионго айланта элек. Ооба, Кыргызстандын БА өлкөлөрүнүн ар бири менен эки тараптуу алакасы үзүрлүү болду, бирок коңшулар арасындагы көйгөйлүү маселелер өлкөнүн тышкы саясатындагы талашсыз приоритет бойдон калды. БА алкагындагы интеграция көп жакшы болбогону менен ЕАЭБ, КМШ алкагындагы ийгиликтер мол болду. ШКУ, ЖККУ, ТМУ, керек болсо "БА +" форматындагы кызматташуу аброй алып келди. Жалпы жонунан Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн жемиштүү болгон 2023-жыл өзүнүн өзгөчөлүгү менен да эсте кала турган болду.
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкектеги өткөн саммитте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Дүйнө өзгөрүүдө. ШКУ, КМШ, ЕАЭБ саммиттеринен кийинки эксперттик көз караш

Бишкек регионалдык жана дүйнөлүк дипломатиянын чордону катары

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана башка мамлекеттик ведомстволору 2023-жылы болуп көрбөгөндөй милдет аткарышты: Россия президенти Владимир Путиндин расмий сапары, КМШ лидерлеринин саммити, ШКУ өкмөт башчыларынын жолугушуусу, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны. Мунун дээрлик баары катары менен өтүп, жалпы евразиялык мейкиндик үчүн мазмундуу болгон маселелерди чечүүгө аянтча болуп, Бишкекти евразиялык дипломатиянын чордонуна айлантты.
Евразиянын келечегин аныктоо үчүн экономикалык, саясий, коопсуздук, маданият жана билим берүү маселелери талкууланып, дүйнөлүк күн тартибиндеги көйгөйлөр да четте калган жок. КМШ лидерлеринин саммитинде көп полярдуу дүйнөдөгү эл аралык мамилелер тууралуу билдирүү кабыл алынды. БАнын эксперттик коомчулугу бул билдирүүгө анча көңүл бурбай, КМШ өлкөлөрү өзөгүндө эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен эрежелерин сактоочу көп полярдуу туруктуу дүйнө тартибин түзүүгө ыктай турганын кыскача белгилеп койду. Ал эми Кыргызстан Батыштын өзү ойлоп тапкан эрежесинин негизиндеги дүйнө түзүлүшүнө карама-каршы келген ар бир өлкөнүн маданий-цивилизациялык иденттүүлүгүн сактоочу адилеттүү дүйнө тартибин түзүү процессинин активдүү катышуучусу экенин айгинеледи.

Тышкы фактор

Акыйкаттык үчүн Кыргызстанда дипломатиялык сезон Чолпон-Атада өткөн ЕБ — БА саммитинен кийин активдешкенин белгилей кетели. Батыштын Борбор Азия Россияга каршы санкцияларды колдоого алат деген ишеними акталбай, жыйын мындан аркы диалог үчүн байма-бай жолугуп турууга макулдашкан чечим менен аяктады. Россия менен энергетикалык байланыштын үзүлүшүнөн катуу жабыркап, Украинадагы согушту колдоодон кыйла алсыраган АКШнын кол жоолугу Евробиримдик Борбор Азияга анык бир нерсе сунуштай алган жок. Германия президенти Штайнмайердин Казакстан жана Кыргызстанга жасалган сапары, андан кийин өткөн БА — Германия саммити да ушундай эле натыйжа менен жыйынтыкталды.
Нью-Йоркто өткөн БУУ Коопсуздук кеңешинин 78-сессиясынын алкагындагы "С5 + 1" жолугушуусунан же БА өлкөлөрү менен АКШ диалогунун платформасынан үмүттөнгөндөр көп эле. Бирок бул иш-чара да алыска кетпеген "сизиң-бизиң" менен аяктады, ал тургай АКШнын өзү да азыркы шартта региондун өлкөлөрүнөн Россияны жалгыздатууга жардам суроо орунсуз экенин моюнга алууга аргасыз болду. Америкалыктардын Россия менен Кытайдан көз карандысыз Борбор Азия тууралуу идеясы көп айтыла берген жок. Албетте, Кыргызстан үчүн Вашингтон, ошол эле Брюссель менен мамиле тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары кала берет. Бишкек салмактуу тышкы саясат жүргүзөрүн жана өз ара пайда алып келе турган кызматташуунун бардык түрүнө ачык экенин көрсөттү. Бирок АКШ менен Евробиримдик жеке кызыкчылыгын гана ойлогон чакта пайдалуу кызматташуу тууралуу айтып-деш кыйла оор.
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча прогрессин кубаттайт

БА интеграциясы жана кыргыз-тажик алакасы

Тышкы саясаттагы активдүү окуяларга карабастан Кыргызстан үчүн 2023-жылы регионалдык күн тартиби бирден-бир олуттуу маселе бойдон калды. Бишкек Борбор Азия мамлекеттеринин консультативдик жолугушуусунун алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышына чоң ишеним арткан. Душанбеде өткөн БА президенттеринин саммитинде өлкө башчы Садыр Жапаров энергоэффективдүү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча регионалдык борбор түзүү сунушун айтты. Бул Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык ресурстун туура пайдаланылышын шарттамак. Натыйжада суу ресурстары жаатындагы долбоорлор биргелешкен күч-аракетти талап кылары белгиленип, чек аранын айынан араздашкан Тажикстан менен ымала акырындап мурунку калыбына келе баштады.
Эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык 2023-жылдын кыргыз-тажик диалогундагы эң ири жетишкендиги деп айтсак ашыкча болбос. Былтыр бир да жолу чек арада чыр чыккан жок, эки тарап тең чек аранын талаштуу тилкелерин тактап, чечүүгө кадам жасады. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылган, мындай жагдай коңшулук, боордоштук мамиле акырындап калыбына келип жатат деп айтууга негиз болуп бере алат. Мунун чынында келечеги кең, ортодогу мамиле эки өлкөгө эле эмес, жалпы регионго да таасирин тийгизет. Маселен, Кыргызстан менен Тажикстан суу ресурстары боюнча кызматташуусу мүмкүн, эки өлкө тең суу башында турат. Эки жылдан бери Тажикстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу сөз болуп келет, бул — экономикалык кызматташууга чоң өбөлгө. Мунун баары — 2024-жылы талкуулана турган маселелер.

Жаңы жылдан эмне күтөбүз?

2023-жылы жүргүзгөн саясаттын жыйынтыгы жаңырган жылдын саясий багытын аныктап берди. Экономикалык өсүүнү кошо карасак, алдыга мындан да чоң максаттарды коюуга болот. Кыргызстан жаңы жылда регионалдык мүнөздөгү маселелерди чечүү менен алек болушу ыктымал, буга суу ресурстарын майнаптуу пайдалануу, Евразиянын мультимодалдуу жаңы коридорлору менен байланышкан транпорттук долбоорлор, ошондой эле аймактык коопсуздук кирет. Быйыл Афганстандагы коопсуздук маселеси да актуалдуу болору күтүлүп жатат, аталган өлкөнүн жетекчилиги региондун жашоосуна активдүү катышуу ниетин билдирүүдө. Муну менен бирге тышкы күчтөрдүн террордук жана экстремисттик топторду региондогу абалды туруксуздаштырууга колдонуу аракеттерине каршы туруу көйгөйү курч.
Жаңырган жылы Борбор Азияда туруктуулук өкүм сүрүп, өнүгүү үстүндө болсо деген изги тилегибиз бар. Анткен менен кырдаалдын ар кандай болуп өзгөрүп кетүүсүнө да даяр туруу кажет, бул дайым туура стратегия болуп келген.
Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0