Төрөгөнү келген аялдардын таң калычтуу окуялары. Гинекологдун видеомаеги

Жазылуу
Боюна бүткөндөн төрөгөнгө чейин дарыгерге бир да жолу көрүнбөгөндөр бар. Бул тууралуу акушер-гинеколог Роза Шамурзаева Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде айтты. Ал Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эмгектенет.
Маектеш 35 жылдан бери көргөн ары таң калычтуу, ары зээнди кейиткен окуяларын баяндады. Айтымында, кош бойлуулар арасында эң көп тараган көйгөй — бала күтүп жаткан аялдардын дарыгердин каттоосуна турбаганы. Мындай жагдайда аялдын да, баланын да саламаттыгы көзөмөлсүз калат. Жыйынтыгында төрөт учурунда чоң тобокелчиликтер жаралат.
Ошондой эле дарыгер балалуу болууну пландоо зарылдыгына токтолду. Оболу жубайлардын экөө тең медициналык текшерүүдөн өтүп, анча-мынча инфекциялар болсо дарыланып алып балалуу болушу керектигин кошумчалады. Мындайда эненин да, баланын да сак-саламат болушуна кам көрүлөт.
Тема боюнча:
Үзүлгөн колун баштыкка салып келген бейтаптар бар. Травматологдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0