Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Баткендеги окуучу Бишкектен окуй алат. Электрондук мектеп платформасы тууралуу

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуБилим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев
Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган санарип долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Аралыктан окууну жеңилдеткен "электрондук мектеп" платформасын киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, окуучу өзү каалаган мугалимден окуй алат. Бул тууралуу Муратбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Баткендеги окуучу Бишкектен окуй алат. Электрондук мектеп платформасы тууралуу
Анын айтымында, билим берүү тармагын санариптештирүү маселеси 2018-жылдан бери өкмөттүн көзөмөлүндө.
"Санариптештирүү боюнча жасалган иштерди мониторингдеп, мындан ары эмнеге басым жасоо керектиги аныкталды. Натыйжада үч багытка приоритет коюу каралууда. Биринчиси, электрондук китептердин платформасын түзүү пландалууда. Ага ылайык, ар бир мугалим платформанын көмөгү менен электрондук окуу китебин түзө алат. Ошондой эле түзүлгөн электрондук китептерге өзүлөрүнүн кошумчаларын киргизүүгө мүмкүн болот. Экинчиси — бирдиктүү электрондук журнал иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Ал эми үчүнчүсү — электрондук мектеп платформасы. Ага ылайык, жалпы окуу процессин онлайн-окууга тууралап, электрондук окуу китептер ошо платформага жайгаштырылат. Бул жерде электрондук китеп дегенде кадимки ПДФ форматтагы китепти элестетпеши керек. Анткени ал платформадагы окуу китептер динамикалуу, жандуу болот. Ар бир бап, бөлүм боюнча мазмунга тиешелүү суроолор, презентациялар, аудио, видеоматериалдар, компьютердик тестирлөө жайгаштырылат. Мына ошону киргизсек билим берүү сапатын жакшыртууга жакшы шарт түзүлөт. Мисалы, Баткендин Көк-Сай айылындагы окуучу химия сабагынан кошумча билим алгысы келсе, Бишкектин химия мугалимине жазылып онлайн окуйт. Ал эми ошол Бишкектеги мугалим кандай баа койсо, Баткендеги мугалими журналга ошол бааны түшүрүп бериши керек болот. Натыйжада окуучу өзү каалаган мугалимди тандай алат. Экинчи жагынан, окуу китептир боюнча маселе чечилет. Ошондой эле электрондук китептерди жаңы стандарттарга ылайыктап алууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деди Касымалиев.
Ошондой эле бул платформа окуучулар үчүн кошумча билим алууга жол ачса, мугалимдер үчүн улам өсүүгө кошумча окуу материал болуп саналарын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0