Азия кубогунда Кыргызстандын намысын талашчу футболдук команданын курамы. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Улуттук команданынын футболчулары машыктыруучу Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында чыгат.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Быйыл футбол боюнча Азия кубогунда ойной турган Кыргызстандын курама командасындагы спортчулардын акыркы тизмеси бекиди. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
26 футболчудан турган команда БАЭде жана Катарда турнирге болгон даярдыгын улантат.
Тизме:
дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;
коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев;
жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адиль Кадыржанов, Кай Мерк, Бекназ Алмазбеков, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков Фархат, Азим Азаров;
чабуулчулар: Эрнис Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.
машыктыруучу — Штефан Таркович.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. "Ак шумкарлар" D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курама командалары менен ойнойт.
2023-жылы Ханчжоудагы жайкы Азия оюндарында балбан. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0