Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ак үй АКШ РФтин аскердик жаатта Киевден артыкчылык кыларын моюндаарын белгиледи

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Куралдуу Күчтөрүнүн өзү жүрүүчү артиллериялык орнотуусун операциясы. Архив сүрөт
Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн өзү жүрүүчү артиллериялык орнотуусун операциясы. Архив сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Буга чейин Улуу Британиянын Аскер-аба күчтөрүнүн отставкадагы вице-маршалы Шон Белл согуш талаасында россиялык армиянын Украинанын куралдуу күчтөрүнө караганда артыкчылыгы барган сайын ачык-айкын болуп бара жатканын билдирген.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШ Россиянын абадагы жана жердеги аскердик ресурстарын маанилүү деп эсептейт, ошондой эле аскер кызматкерлеринин саны боюнча Украинага караганда артыкчылык кыларын моюнга алат. Бул тууралуу Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби айтканын РИА Новости жазды.
"Анда (РФ президенти Владимир Путин – ред.) мурдагыдай эле Аскер-аба күчтөрү, кургактагы механизациялаштырылган ресурстар бар", — деген Кирби брифингде.
Ал Россия аскерлеринин саны боюнча Украинадан үстөмдүк кыларын айткан.
Декабрь айында Улуу Британиянын Аскер-аба күчтөрүнүн отставкадагы вице-маршалы Шон Белл согуш талаасында россиялык армиянын Украинанын Куралдуу күчтөрүнө караганда артыкчылыгы барган сайын айкын болуп жатканын, ошондой эле украин аскерлеринин көптөгөн көйгөйлөрүн моюндаган пикирин билдирген. Анын айтымында, Киев режиминин аракетине карабастан, бардык мүмкүнчүлүктөр ага каршы болуп чыга келди. Белл ошондой эле Батыштын Киевди жөлөп-таеосу барган сайын азайып баратканын белгилеген.
Мурдараак Россиянын Коргонуу министрлиги Батыштын курал-жарагын жеткиргени да, украин командачылыгынын согушка стратегиялык резервдерди киргизүүсү да кармаштагы кырдаалды өзгөртпөгөнүн, Киев эч кандай багытта өз максаттарына жетпегенин билдирген.
Россия буга чейин НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын белгилеген. Альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү Россия-Украина сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
Литванын премьер-министри Ингрида Шимоните. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Биз күткөндөй болбоду. Литва премьеринин Украина боюнча күтүүсүз билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0