Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операцияга катышкандар Россиянын жарандыгын алышат. Путиндин жарлыгы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАскер кызматчысынын кол коюу фонунда россиялык паспорт
Аскер кызматчысынын кол коюу фонунда россиялык паспорт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Документте айтылган шарттар Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп, бирок бошогондорго да тиешелүү экени айтылды.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө үчүн келишимге кол койгондорго жана алардын үй-бүлөсүнө Россия жарандыгы берилет. Бул боюнча президент Владимир Путин жарлыкка кол койгонун РИА Новости жазды.
Анда атайын аскердик операциянын мезгилинде Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө же аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн же ушул мезгил ичинде Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөп жаткан чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясынын жарандыгын алууга арыз берүүгө укуктуу экени айтылган.
Путиндин жарлыгында мындай укук атайын операция учурунда Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп, бирок бошонгондорго, анын жубайына жана балдарына, ата-энесине да берилери белгиленген.
Атайын операцияга катышкан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Атайын операцияга катышкан кыргызстандык Россиядан жарандык берүүнү өтүнүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0