Бишкекте кеңседеги адамды тапанча менен коркутуп, 425 миң сомун алып кетишкен

© AFP / RAUL ARBOLEDAТапанча. Архивдик сүрөт
Тапанча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Жазылуу
Шектүүлөр кармалды. Милициянын маалыматы боюнча, анын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкекте кеңседеги адамды тапанча менен коркутуп 425 миң сомун алып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын шаардык милиция кабарлады.
Өткөн жылдын 3-декабрь күнү Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бишкек ШИИББден маалымдашкандай, жабырлануучу арызында ошол күнү кеңсесине бейтааныш адамдар кирип, аны тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сомун алып кетишкенин белгилеген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Тоноо") менен иш козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББдин кызматкерлери Атайын багыттагы аскерлердин жардамы менен кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрдү.

"Алар 32 жаштагы Ж.Б., 28 жаштагы Н.К., 23 жаштагы К.А. болушкан. Буга чейин ушул сыяктуу бир катар кылмыштар үчүн соттолушкан. Мындан тышкары, Н.К. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда убактылуу кармоочу жайда", — дешти Бишкек ШИИББден.

Тергөө уланып жатканы кошумчаланды.
Задержание депутата местного кенеша айыльного аймака Бекмолдо Таласской области по факту вымогательства  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Таласта ишкана ээсинен 4,2 млн. сом опузалаган деп депутат кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0