ЕАӨБ: Борбор Азия өлкөлөрү жасаган инвестициянын көбү Кыргызстанга туура келет

© AFP / MARK WILSONДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Жазылуу
Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринде өз ара инвестицияны шарттаган 27 ири долбоор ишке ашырылууда.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү жасаган инвестициянын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга салынат. Мындай жыйынтык Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында айтылды.
ЕАӨБ берген баа боюнча Борбор Азия мамлекеттеринде өз ара инвестицияны шарттаган 27 ири долбоор ишке ашырылууда.
Региондогу негизги инвестор болуп Казакстан менен Өзбекстан эсептелинет. 2023-жылдын ортосуна карата аймактагы өз ара инвестициянын көлөү 1,1 миллиард долларды түзгөн. Мында Казакстанга жалпы көлөмдүн 87 пайызы туура келсе, Өзбекстандын үлүшү 13 пайызга жетет.
"Инвестициянын жарымынан көбү Кыргызстанга салынат, бул өлкөгө жалпы сумманын 63 пайызы туура келет. Өзбекстанга инвестициянын 24 пайызы, Казакстанга — 11, ал эми Тажикстанга эки пайызы кетет. Түркмөнстан катышкан долбоор жок", — деп айтылат маалыматта.
Аталган докладда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча маалыматтар камтылган.
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Садыр Жапаров инвесторлорду алдаганды токтотууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0