10 айда Кыргызстандын ички карызы 1,5 эсеге өстү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом акчасы. Архивдик сүрөт
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Жазылуу
Өлкөнүн мамлекеттик карызы ички жана тышкы болуп эки бөлүктөн турат.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 10 айында Кыргызстандын ички мамлекеттик карызы 1,5 эсеге же 41,5 миллиард сомго өскөнү Финансы министрлигинин маалыматында айтылды.
Эскерте кетсек, өлкөнүн мамлекеттик карызы ички жана тышкы болуп эки бөлүктөн турат. Тышкы бересе башка мамлекеттерден жана эл аралык финансы уюмдарынан алган каражаттын эсебинен, ал эми ички карыз мамлекеттик баалуу кагаз чыгаруунун эсебинен түзүлөт.
Ички карыздын көлөмү:
2022-жылдын 31-декабры — 94 миллиард 132, миллион сом;
2023-жылдын 31-октябры — 135 миллиард 602,2 миллион сом.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Өлкө сегиз жылда 2 млрд. сомдук уютулган алтын сатты. Улуттук банктын маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0