Кыргызстан өткөн жылы электр кубатын 4 өлкөдөн сатып алган

© AFP / THOMAS SHEAЭлектр линиялары. Архивдик сүрөт
Электр линиялары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Жазылуу
Республика электр кубатын Россиядан былтыртан тарта ала баштаган.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылы электр энергиясын төрт мамлекеттен импорттогон. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жайгаштырылды.
Январдан ноябрга чейинки мезгил ичинде наркы 80,8 миллион доллар турган 2 миллиард 907,4 миллион киловатт-саат электр кубатын сатып алган.
Импорттогон өлкөлөр:
Түркмөнстан — 1 миллиард 602,3 миллион киловатт-саат;
Казакстан — 832,9 миллион киловатт-саат;
Россия — 326,5 миллион киловатт-саат;
Өзбекстан — 145,6 миллион киловатт-саат.
Эске салсак, Кыргызстан Россиядан биринчи ирет былтыртан тарта импорттой баштады.
Жогорку вольттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Кыргызстан Россия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд. кВт/саат электр энергия сатып алат
Жаңылыктар түрмөгү
0