Эс алуудан кийин канткенде ишке кыйналбай чыгабыз? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСалат. Архивдик сүрөт
Салат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Жазылуу
Психолог майрамдан кийинки эс алуунун акыркы күндөрүн адам өзүнө арнаса туура болорун айткан.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жаңы жылдан кийинки эс алуулар, майрам-шаңдар мурдагы режимден алыстай түшкөндөй сезимди жаратат. Бир нече күн жумушсуз жүргөндөн кийин адам кайра жумушка кайтууга өзүн даяр эместей сезет. Мурдагы турмуш агымына оңой кайтуунун жолдорун психоаналитик Ирина Смолярчук Sputnik радиосуна айтып берди.

"Каникулдун аякташына эки-үч калганда эле адам өзүнүн мурунку графигине, рационуна акырындан кайта баштаганы оң. Эң жакшысы, көнүп калган графиктен такыр чыгып кетпей, болгону аны бир аз жеңилдетип коюу сунушталат. Ритмден чыгып алып, кайра ага кайтуу дайыма стресс менен коштолот. Мындан тышкары, алкоголду ашыкча ичип, ашыкча тамактануу да болбойт. Туура тамактанууну бузбоо зарыл", – деп белгилеген Смолярчук.

Адистин айтымында, эс алуунун акыркы күндөрүн адам өзүнө, үй-бүлөсүнө арнашы керек.
"Үй-бүлөсү менен же болбосо өзү жагымдуу фильмдерди, берүүлөрдү көрүп, китеп окуп өткөрсө болот. Ошол эле учурда спорт менен машыгуу да оң таасир берет. Балдар менен сыртка чыгып, муз тээп, таза абадан дем алып келүүгө эмнеге болбосун", – деген психоаналитик.
Ал адам жакында жумушка чыгам дегенди ойлонгондо эмне үчүн кыжалат болуп баштаганын талдап көрүшү керектигин да сунуштаган. Айтымында, мындайда адам жумушка болгон көз карашын өзгөртүп, эмне үчүн ага барууну каалабай жатканын, дем алышты дагы узарткысы келгенинин себебин издеп көрүшү керек.

"Эгерде жумушта кимдир бирөө менен тил табыша албаса же жаңжалдаша берсе, анда абалды кантип жөнгө салуу керектигин ойлонгону оң. Ал эми маянанын көлөмү канааттандырбаса компетенциямды канткенде жогорулатып, каражат табуунун кийинки тепкичине кантип көтөрүлөм деген суроолорду коюу зарыл. Балким билимди дагы жогорулатуу талабы тургандыр. Майрамдан кийинки эс алуулар адам өзү менен өзү кез келип, жаралган суроолоруна жооп табуу убактысы болушу керек", – деп түшүндүргөн Смолярчук.

Дарыгер Индира Алдосова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Радио
Дарыгер: эс албай иштөө ден соолук үчүн кооптуу
Жаңылыктар түрмөгү
0