Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылкы бюджети бекитилди

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель Фонда обязательного медицинского страхования Азамат Муканов
Председатель Фонда обязательного медицинского страхования Азамат Муканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов аталган ведомствонун жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынган. Жалпысынан 75 пайыз жаран камсыздандырылса, анын 50 пайызы мамлекет тарабынан камсыздандырылган. Калган 20 пайызы жумуш менен камсыз болгондор жана 5 пайызы дыйкандар. Бул тууралуу Азамат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылкы бюджети бекитилди
Анын айтымында, камсыздандырылбаган категорияга 18 жаштан пенсия курагына чейинки эч жерде иштебеген жарандар кирет. Учурда болжол менен 1 миллион 700 миң адам бар.
"Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамына жана "Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга бюджети жана 2025–2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ошентип Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылдагы бюджети 30 миллиарддан ашык сомду түздү. Ал эми 2024-жылга фонддун бюджети киреше жана чыгашаларын эсептегенде 29 миллиард сом деп бекитилди. 2023-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдары 21 миллиард 677 миллион сом суммасында каржыланды. Каражат медициналык кызмат көрсөтүүгө, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, жалпы медициналык практика борборлорунда баштапкы медициналык-санитардык жардамды төлөөгө, гемодиализ кызматына, жеңилдетилген камсыздоо программасы боюнча ооруканалар үчүн дары-дармек менен материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга жумшалды. Учурда Кыргызстандын жарандары үчүн полистин баасы 12 календардык ай үчүн 1 722 сомду, ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 16 миң 391 сомду түзөт. 10-октябрдан тарта Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңыланган редакциясы күчүнө кирди. Амбулатордук деңгээлдеги уюмдарда жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн тизмеси дагы 42 медкызматка көбөйтүлдү", — деди Муканов.
Ал ММК фонду менен "Кыргыз фармация" 2024-жылга карата саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек менен камсыздоо маселесин талкуулаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0