"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун кантип кайдан аласыз? Жол-жобосу, телефону

© Sputnik / Александр Сухов / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндөгү аял ымыркайын карап отурат. Архив
Төрөт үйүндөгү аял ымыркайын карап отурат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
Суроолор боюнча 0312 312 502 номерине чалса болору айтылды.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайга берилчү "Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алуунун жолу менен бөлүштү.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек;
арызды бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшыруу керек;
акча арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;
ата-эне акчаны РСК банкынын жана "Айыл банктын" каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө ала алат.
"Арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл. Себеби акча которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС-билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт", — деп эскерткен министрлик.
Суроолор боюнча 0312 312 502 номерине чалса болору айтылды.
Акча жана үпчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Министрлик былтыр канча балага "сүйүнчү акча" берилгенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0