“Бакубатчылык каалайм”. С.Жапаров православ динин туткандарды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
Президент христианчылык башка конфессиялар менен катар Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушунда маанилүү ролду ойной турганын айтты.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда, православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүн анын маалымат кызматы жарыялады.
Президент бул майрам православ динин туткандарды жогорку руханий баалуулуктардын тегерегинде бириктире турганын белгиледи.

"Христианчылык башка конфессиялар менен катар Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушунда маанилүү ролду ойнойт. Эркиндикти сүйгөн элибиздин башкы байлыгы —биримдик. Ата-бабаларыбыздын салтын урматтоо менен достукту, ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ар бир кыргыз жараны этноско жана динге карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ", — деген Жапаров.

Мамлекет башчы Рождествону майрамдап жаткан бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакыт жана бакубатчылык каалады.
Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Патриарх Кирилл "Россия сегодня" медиа тобун 10 жылдыгы менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0