Ошто адам өлтүрүүгө шектүүлөр Өзбекстанга качып бараткан жеринен кармалышты

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын күчтөрдүн кызматкери машыгуулар учурунда. Архив
Атайын күчтөрдүн кызматкери машыгуулар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Жазылуу
Тергөө кызматынын берген алгачкы маалыматтарына караганда, шектүүлөр киши колдуу болгон жигиттин үйүндө Жаңы жылды белгилеп спирт ичимдиктерин ичип, урушуп кетишкен.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип жаткан эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2024-жылдын 1-январында шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө калаа тургуну чалып, 29 жаштагы С.Б. аттуу уулун белгисиз адамдар өлтүрүп кеткенин айткан.
© Фото / Пресс-служба УВД ОшаЗадержание двоих подозреваемых в убийстве человека в Оше
Задержание двоих подозреваемых в убийстве человека в Оше  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
"Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги, ыкчам иликтөө тобу барып 29 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан. Анын башында, далысынын сол тарабында бычактан алган жарааты бар экендиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелген Кара-Суу районунун 25 жаштагы жана 30 жаштагы эки тургуну Өзбекстанга качууну көздөп чек ара аймагында жүргөн учурунда 2-январь күнү колго түшүрүлгөнү айтылды.
"Тергөө кызматынын берген алгачкы маалыматтарына караганда, шектүүлөр киши колдуу болгон жигиттин үйүндө Жаңы жылды белгилеп отурушуп, спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң сөз талашып айтыша кетишкен. Шектүүлөрдүн бири С.Б. аттуу жаранды бөтөлкө менен чаап, андан соң сол жак далысына бычак сайып, ага жардам көрсөтпөстөн үйдөн качып кетишкен", — деп жазылат кабарда.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен иш козголуп, тергөө уланып жатканы белгиленди. Ош шаардык соту 4-январь күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, тергөө иштеринин аягына чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.
Атайын күчтөрдүн кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
УКМК: өмүр бою кесилген киши эркиндикке чыгып ишкерлерди тоноп жүргөн
Жаңылыктар түрмөгү
0