Россиянын мындан ары Батышка жүз бурбастыгын айтышты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРФ президентине караштуу ишкерлердин укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Борис Титов
РФ президентине караштуу ишкерлердин укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Борис Титов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Жазылуу
Ыйгарым укуктуу өкүл аталган аймактар азыр тездик менен өнүгүп жаткандыгын, ал жакта эбегейсиз кубаттуу адам ресурстары бар экенин белгилеген.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Россия Вашингтон менен Брюссель эртең санкцияларын алып койсо да Батышка жүзүн эч качан бурбайт. Бул туурасында РФ президентине караштуу ишкерлердин укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Борис Титовдун айтканын РИА Новости жазды.
Ал Батышты буга чейин көрүп-билип калган, тапталып бүткөн нерсе экенин, адамзаттын келечеги Чыгышта жатканын, алар Москва менен достук мамиледе гана болбостон, соода-экономикалык мамилени да өнүктүрүүнү каалаарын белгилеген.
"Билесиздерби, Вашингтон менен Брюссель эртең санкцияларын алып салып, бизге ыктай баштаса да Батышка эч качан жүз бурбайбыз. Ишенип коюңуз, кайрылып баруу деген болбойт. Батыш — өткөн этап. Кааласаңар, аны адамзат басып өтүп койгон десек болот. Келечек — Чыгыш, мындайча айтканда, буга чейин кеп кылып келгендей, глобалдуу Түштүк", — деген Титов.
Ыйгарым укуктуу өкүл аталган аймактар азыр тездик менен өнүгүп жаткандыгын, ал жакта эбегейсиз кубаттуу адам ресурстары бар экенин, жаңы технологиялар жаралып жатканын белгилеген.
"Биздин достор жылуу мамиле түзүп эле тим болбостон, Москва менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө да кызыкдар", — деген ал.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Заид Аль Нахайян. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Таасири азайды". Путиндин жаңы союздаштары АКШны түйшөлтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0