Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКыргызстандын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов. Архив
Кыргызстандын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Вице-президент 30-декабрда тергөөчүнүн өтүнүчү менен кайрадан 4-февралга чейин камакка алынганы маалым болду.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.
Иминов өткөн жылдын октябрь айында кармалып, бирок ноябрдын ортосунда эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилген. Вице-президент 30-декабрда тергөөчүнүн өтүнүчү менен кайрадан 4-февралга чейин камакка алынганы маалым болду.
Иминов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторун каржылап турган деп шектелүүдө. УКМКнын маалыматына ылайык, ал жүк ташуу жана логистика боюнча бир нече компаниянын ишине кийлигишип, алардан уюшкан кылмыштуу топтун жалпы кассасына деп кирешесинин 30 пайызга жакынын алууга катышкан.
Ысык-Көлдө россиялык инвестордон коттедж шаарчасын тартып алышкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
УКМК: Ысык-Көлдө россиялык инвестордон коттедж шаарчасын тартып алышкан
Жаңылыктар түрмөгү
0