Берлин: фермерлер нааразылыкка чыкты, эми машинисттер камынууда. Видео

© AFP / JOHN MACDOUGALLГерманияда фермерлер нааразылыкка чыкты, эми машинисттер камынууда
Германияда фермерлер нааразылыкка чыкты, эми машинисттер камынууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Трактор, техникаларын айдап чыккан дыйкандар акция бир жумага чейин бүтпөй турганын айтышкан.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Берлинде салыктык жеңилдикти кыскартуу планына каршы фермерлер нааразылык акциясына чыкты. Бул туурасында RT маалымдады.
Алар акырындап Берлин тарапты көздөй жыла баштаганын кабарчы билдирген.
Бир аптага акцияга чыктык деп жарыялагандар аларды нааразы кылган нерселер көп экенин айтышкан.
Жүздөгөн фермер жолду тосуп, өкмөттүн салык боюнча кезектеги планына каршы экенин билдиришкен. Алар нааразылык башталган жерге талаа кухнясын да уюштуруп алышкан. "Фермерсиз келечек жок", "Салык төлөөчүлөрдүн акчасын корото бербегиле" деген ураандарды өздөрү менен кошо трассага айдап чыгышкан техникаларга илип коюшкан.
Ал арада ZDF ресурсу полиция жүз трактор менен чыгып алгандардын митингин Төмөнкү Саксонияда кууп таратканын жазган. Мындан сырткары, Майнц шаары тарапка миңге жакын жүк ташуучу техника жана трактор айдагандар жакындап калганын билдирген. Дюссельдорфтогу протесттин катышуучулары маршрутун өзгөртүп, калаанын дал борбору менен жүрө тургандыгын билдиришкен.
Эске салсак, декабрда Германия бийлиги бюджеттик каатчылыктан улам токой жана айыл чарбасында транспорт боюнча жеңилдетилген салыкты жоерун, дизелге субдсидия берилбей турганын билдирген. Фермерлер ушул "жаңылыктан" кийин козголгон.
Ал арада GDL немецтик машинисттеринин кесиптер бирлигинен да айлыкты жогорулатуу талабын коюп, үч күндүк иш таштоого чыгарын эскерткен билдирүү келип түшкөн.
Германия канцлери Олаф Шольц жана ТИМ жетекчиси Анналена Бербок. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц менен Бербокту эл Украина үчүн жаалданып, ышкырып тосуп алды
Жаңылыктар түрмөгү
0