34 жаштагы Габриэль Атталь Франциянын премьер-министри болуп дайындалды

© AFP / LUDOVIC MARINФранциянын жаңы премьер-министри Габриэль Атталь
Франциянын жаңы премьер-министри Габриэль Атталь  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Жаңы өкмөт башчы президентке өкмөттүн жаңы курамын сунушташы керек.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Франциянын премьер-министри болуп 34 жаштагы Габриэль Атталь дайындалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал өлкө тарыхындагы эң жаш өкмөт башчы болуп саналат.
“Элизабет Борндун отставкасынан кийин Габриэль Атталь премьер-министр болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Эми ал Франциянын президенти Эммануэль Макронго жаңы өкмөттүн курамын сунушташы керек.
Палестиналыктар Газа тилкесинде Израилдин бомбалоосунан талкаланган имаратта тирүү калгандарды издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Макрон: Израилдин Газага соккусу негизсиз жана легитимсиз
Жаңылыктар түрмөгү
0