Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Эл өкүлү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча айыпталууда.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Депутат Эмил Жамгырчиев шектелген иште кылмыштын бар-жогун иликтеген комиссия кесиптешин жоопко тартууга макулдук берди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга маалымат булактар билдирди.
Мындай чечимди депутаттык комиссия бүгүнкү жыйынында кабыл алган. Эми алардын корутундусу жалпы депутаттардын кароосуна киргизилет.
Жаңы жылдын алдында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук сураган. Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча айыпталууда. Бул ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, ар бир фракциядан бирден депутат кирген.
Спикер Нурланбек Шакиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Тыюу салуунун да чеги болуш керек. Шакиев менен Талиева кайым айтышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0