Өзгөндө күрүч менен балыкты кошо өстүрүшүүдө. Пайдасы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүрүч талаасында куш. Архив
Күрүч талаасында куш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Мекемеден белгилешкендей, анда каңылтыр, макоо балык, амур жана башка балыктардын чабактары күрүч себилген көлмөлөргө коё берилип, чогуу өстүрүлөт.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы балык менен күрүчтү биргеликте өстүрүү тажрыйбасын ишке ашырууда. Айыл чарба министрлиги мындай чарбачылыктын пайдалуу жактарын тизмектеди.
Мекемеден белгилешкендей, анда каңылтыр, макоо балык, амур жана башка балыктардын чабактары күрүч себилген көлмөлөргө коё берилип, чогуу өстүрүлөт.
Министрлик мындай ыкма менен өстүрүлгөн балык күрүчкө төмөнкүдөй таасир берерин белгиледи:
балык тамак издеп топуракты жумшартып, суунун бетиндеги биологиялык пленканы жок кылат;
күрүчтүн негизги зыянкечтеринин личинкаларын жок кылат;
балыктын калдыктары жана балыкка берилген тамактар күрүч үчүн кошумча жер семирткич катары сиңет.
"Жогоруда айтылгандар күрүчтүн түшүмдүүлүгүн гектарына 8-10 центнерге чейин жогорулатууга өбөлгө болот. Балык күрүчкө кошумча азык болгондуктан ашыкча жер семирткич колдонууга көп муктаждык жаралбайт, бул абал күрүчтүн баасын арзандатат. Күрүч талааларында балык өстүрүүдө гербициддерди жана пестициддерди колдонууга болбойт. Ошондуктан коротулган каражат гана үнөмдөлбөстөн, күрүчтүн түшүмү да сапаттуу болот. Анын абсолюттук салмагы көбөйүп, пленканын пайызы төмөндөп, бош дан азыраак болот", — дешти министрликтен.
Птицефабрикадагы тооктор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Өкмөт 2024-жылы айыл чарбада чоң өзгөрүү болорун айтууда
Жаңылыктар түрмөгү
0