Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архив
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Документ жыл соңуна чейин иштейт.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъектилерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Документтин максаты — ишкерлердин экономикалык абалын турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу.
Мораторий 2024-жылдын 31-декабрына чейин созулат.
Чүй облусундагы жолдун көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Бишкекке кошула турган жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилиши мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0