Ошко жаңы келе турган автобустарга айдоочулар жумушка чакырылат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтобустун айдоочусу. Архивдик сүрөт
Автобустун айдоочусу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Айдоочулар эки күн иштеп, эки күн эс алат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Талапка ылайык, жумушка 21ден 60 жашка чейинки, айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы бар адамдар алынат. Айдоочулар Ош шаарына алып келине турган жаңы автобустарды айдаганга керек болууда. Алар эки күн иштеп, эки күн эс ала турганы айтылды.
Мэрия жумуш тууралуу толук маалымат алуу үчүн +996 500 040 664, +996 553 407 046 жана +996 224 088 585 номерлерине кайрылса болорун билдирди.
Коомдук транспорттогу контролер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Бишкек мэри коомдук транспортко контролерлор керек экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0