Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурордун депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун карашты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев
Депутат Жогорку Кенеша Эмил Жамгырчиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев
Талкуудан кийин мыйзам чыгаруучулар сунушту жактырып, уруксатын беришти. Жыйынга катышып жаткан 69 депутаттын баары "макул" деп добуш берген.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия кечээ күнү парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген.
Учурда эл өкүлүнүн кайда экени белгисиз. Кечээ күнү парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткени айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгону белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0