УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялады

© Фото / пресс-служба ЦИК КР"Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов. Архивдик сүрөт
Озтопрак (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Атайын кызматтан кабарлашкандай, Ташовдун УКМК кызматкерлери уурдап, 100 миллион сом талап кылган деген маалыматы чындыкка дал келбейт.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовго жана активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Күренов) иш козголуп, издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, Ташовдун УКМК кызматкерлери уурдап, 100 миллион сом талап кылган деген маалыматы чындыкка дал келбейт. УКМК Ташов Күренов менен өлкөдө төңкөрүш жасоо боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, анын видеосун да жарыялады.
"Ташов абакта жатканда изделип жаткан Күренов менен телефон аркылуу байланышып, башка адамдар менен кошо митинг уюштуруп бийликти басып алууга аракет кылышкан. Максатына жетүү үчүн ал Күренов жана башка адамдарды тынымсыз каржылап турган. Буга байланыштуу Имамидин Ташов менен Тилекмат Күреновго жана башка адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси жана 245-берененин 1-бөлүмү боюнча иш козголуп, издөө жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 фактынын иликтенип жатканы кошумчаланды. Ал ошол фактылардын бири боюнча кармалып, 52,4 миллион сом төлөп үй камагына чыккан.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ташов баары бир табылып жоопко тартыларын эскерткен.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Ташиев: кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартылат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0