Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тоют тартыштыгынан улам фермерлерге гидропоника даярдоо сунушталды

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЖайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Мыктыбек Каландаров
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Мыктыбек Каландаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Мыктыбек Каландаров тоют тартыштыгын алдын алуу үчүн көрүлгөн аракеттер тууралуу айтып берди.
Тоют тартыштыгынан улам фермерлерге гидропоника (өндүрүлгөн арпа же буудай) даярдоо сунушталды. Анткени бир килограмм арпадан алты килограмм гидропоника даярдаса болот. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Тоют тартыштыгынан улам фермерлерге гидропоника даярдоо сунушталды
Анын айтымында, сентябрда тоютту сыртка чыгарууга тыюу салганга чейин 17 миң тонна экспорттолуп кеткен.
"Быйыл климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу төрт миллион тоннадай тоют камдалып, ал былтыркыга салыштырмалуу 481 миң тонна аз болду. Коңшу өлкөлөр да ушундай көрүнүшкө туш болууда. Мындан улам жер-жерлерде фермерлерге тоютту туура камдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда чөп менен жемдин баасы дээрлик бирдей. Бир килограмм жем эки килограмм чөпкө барабар экенин эске алсак, жүгөрү, арпаны натыйжалуу пайдалануу керектигин фермерлерге түшүндүрдүк. Бул өз кезегинде малды этинен түшүрбөй кармап, сүтүн азайтпайт. Быйыл арпа менен жүгөрү көп айдалып, түшүмү да жакшы болду. Ошондой эле фермерлерге гидропоника жасап малга берүү сунушталды. Бир килограмм арпа же буудайдан эле алты-жети килограмм гидропоника жасаса болот", — деди Каландаров.
Ал тоютту ташып келүүгө дагы жеңилдиктер берилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0