Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кулумбетов: өлкөнүн энергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт/саатка жетет

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЭнергияны үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов
Энергияны үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Энергияны үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов күн станцияларын имараттардын чатырына орнотуунун пайдасы тууралуу айтып берди.
Суу, күн, шамал жана башка энергия чыгаруу мүмкүндүктөрүн кошкондо өлкөнүн энергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт-саатка жетет. Бул тууралуу Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кулумбетов: өлкөнүн энергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт/саатка жетет
Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонуу зарыл.
"Кыргызстанда электроэнергиянын тартыштыгы көнүмүш адатка айланууда. Мунун себептери көп. Биринчиден, климаттын өзгөрүүсүнөн улам суу тартыш болууда. Мындан улам электр энергиясын генерациялоо азаюуда. Экинчиден, элдин жашоо-турмушу жакшырып, экономика өсүшүнөн улам пайдалануу 5-10 пайызга чейин өсүүдө. Мунун баарын эске алып, өкмөт энергетикада өзгөчө абал киргизди. Бул тартыштык өз кезегинде учурда колдонулуп жаткан техника, жабдуулардын жүктү көтөрө албай бузулушуна алып келиши ыктымал. Электр энергиясын өндүрүүнүн жаңы ыкмаларын күнүмдүк жашоого киргизүү муктаждыгынан улам көп кабаттуу имараттардын чатырына күн станцияларын орнотуу чечими — ушул көйгөйдү чечүү аракети. Анткени өлкөнүн энергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт-саат экени айтылып келет. Мунун ичинен 10 миллиард киловатт-сааттайы жаңылануучу энергиянын потенциалы болуп саналат. Имараттын үстүнө чакан күн станцияларын орнотуу практикасы учурда бар. Ошону жайылтып, муктаждыкты жабууга аракет кылса болот. Башкача айтканда, өлкөдө энергия өндүрө турган жолдор көп. Ошолорду туура, натыйжалуу колдонуу гана калды", — деди Кулумбетов.
Ал энергияны сарамжалдуу пайдалануу дагы өз натыйжасын берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0