Депутат Кыргызстандын айылдары жоголуп кетүү коркунучунда турганын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков . Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков . Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Эл өкүлү жаштар элеттен шаарга агылып келе бергенине тынчсызданууда.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын айылдары алдыңкы 10-20 жылдын ичинде жоголуп кетүү коркунучунда турат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, элетти өнүктүрүү боюнча чоң программаларды түзүп, бюджеттен көбүрөөк каражат жумшап жаштарды тартуу керек.
"Айылда жаштар калган жок, чет өлкөнү айтпай эле коёюн, Бишкекке келгендер кайра кайтпай жатат. Норвегияда бюджеттин көбү айылга жумшалып, жаштары шаардан айылга барып иштешет экен. Биздин өкмөт дагы ушул сыяктуу программа иштеп чыксын. Эгер жакшы көңүл бурбасак 10-20 жылда айылдарды жоготуп алабыз. Жылдан-жылга миграция күчөп, жарандарды өзүбүз чет өлкөгө иштөөгө жөнөтүп жатабыз. Минте берсек айылдар таштанды болуп калып калат", — деди Өмүрзаков.
Ошондой эле ал шаарга көп адам чогулгандыктан унаа тыгыны, экологиялык көйгөй жаралып жатканын кошумчалады.
Кол алышып жаткан киши менен аял. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Министрлик: 2023-жылы 13 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө ишке орношту
Жаңылыктар түрмөгү
0