Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырды. Видео

© Фото / Эдуард Кубатов Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды
Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
Экспедициядагы 16 адам аман-эсен деңиз деңгээлинен 5 895 метр бийиктикте жайгашкан чокуга 10-январь күнү саат 5:42де жеткен.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, экспедициядагы 16 адам аман-эсен деңиз деңгээлинен 5 895 метр бийиктикте жайгашкан чокуга 10-январь күнү саат 5:42де жеткен.
"Аба ырайынын өтө катаал шарттарында көтөрүлдүк, бирок чыктык! Бул жерде -23 градус суук, шамал согуп турат. Мен Килиманджарого төртүнчү жолу экспедиция уюштуруп жатам, бирок мындай бороон-чапкынды биринчи көрүшүм. Команда мыкты иш жасады, сыймыктанам!" — деген ал.
“Жети чоку” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан альпинисттердин бири — Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: Эверестке чыкканым менен арманым ичимде калды
Жаңылыктар түрмөгү
0