Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөк. Анестезиолог кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаТиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар бөбөк окуясы боюнча 31 жаштагы Т.А. аттуу тиш дарыгери кармалды
Тиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар бөбөк окуясы боюнча 31 жаштагы Т.А. аттуу тиш дарыгери кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Тиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар бөбөктүн окуясы боюнча 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, ал кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталууда. Кылмыш иши козголуп, аял Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Экспертизанын жыйынтыктары бөбөк "препараттарды колдонгондо өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон" улам көз жумганын көрсөткөн.
Эске салсак, декабрдын аяк ченинде Бишкектеги менчик стоматологиялык клиникалардын биринде үч жаштагы кыз чарчап калган. Жакындары анын тишин тазалатканы алып барып, наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирип, клиника тергөө аяктаганга чейин убактылуу жабылган.
Кылмыш ишинин козголуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Стоматология борборунда 3 жашар кыздын чарчап калышы боюнча иш козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0