Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ак үй Украинага аскердик жардам берүүнү токтотконун жар салды

© AP Photo / Carolyn KasterВашингтондогу Ак үйдүн имараты
Вашингтондогу Ак үйдүн имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
ak-uy-ukrainaga-zhardam-beruunu-toktotkonun-zhar-saldy
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШнын Киевди финансылоосу токтогондуктан Украинага мындан ары аскердик жардам жөнөтүлбөйт. Бул туурасында Ак үйдүн стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби журналисттерге берген брифингде айтканын РИА Новости жазды.
"Финансылоо боюнча колубузда турган кордон акыркы пакетти (Украинага жардам — ред.) бердик", — деген Байдендин администрациясынын өкүлү.
Кирбинин айтымына караганда, Киевге мындан ары жардам берүү же бербөө Конгресске байланыштуу болот.
"Биз жөнөтүп жаткан жардам токтоп калды", — деген Ак үйдүн координатору.
Батыш ЖМКлары АКШ менен Евробиримдик украиналык чатактан чарчай баштагандыгын, Зеленскийдин режимин колдоо алсыраганын байма-бай жазууда. NBC телеканалынын билдиргенине таянсак, америкалык жана европалык аткаминерлер Киевдин Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат. Анда Украинанын келишимге жетиши үчүн баш тарта турган жалпы чектер темасы да сөз болору айтылган.
Москва Батыштын Киевге берген жардамы жакшылыкка алып келбей турганын, болгону чатакты создуктурарын бир нече ирет белгилеген. Ал эми курал-жарак жүктөп келе жаткан транспорттор Россия армиясынын мыйзамдуу бутасы болорун эскерткен.
Вашингтондогу Капитолий имараты  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Washington Post: АКШнын жардамынын кыскарышы Украина үчүн апаат болот
Жаңылыктар түрмөгү
0