Орунтаев жакында мыйзамсыз салынган коммерциялык объектилер алынарын айтты

© пресс-служба мэрии города БишкекАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев. Архивдик сүрөт
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси мыйзамсыз салынган курулуштар боюнча жаңы комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жакында мыйзамсыз салынган ири коммерциялык объектилерди алууга мажбур болобуз. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай курулуштар боюнча маселени мамлекеттик органдар бир нече жолу көтөргөн, бирок ага карабай маселе ордунан жылбай келген.
"Жакынкы аралыкта коммерциялык максатта мыйзамсыз салынган курулуштарга чара көрөбүз. Алардын санын жана аталыштарын азырынча айтпай турайын. Негизинен булар элге көйгөй жаратып, убагында мыйзамсыз жайгашып алгандар. Азыр бул боюнча январдын башында жаңы түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Аларга коюлган талаптар бар, эгер аны аткарбаса баарын алууга мажбур болобуз. Комиссиянын жыйынтыгын күтөбүз. Бул ишти январдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", — деген Орунтаев.
Кышкы Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Батир албай тургула! Мамкурулуш соттошуп жаткан 38 объектинин тизмесин чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0