Париж Олимпиадасына барчулардын кийиминин дизайны боюнча сынак уланууда

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКийим дизайнери иш жүзүндө. Архив
Кийим дизайнери иш жүзүндө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Сынакка бардык каалоочулар катыша аларын айтышты.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык курама команданын параддык формасынын дизайны үчүн сынак жарыяланган, ал 1-февралда аяктайт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мекеме сынакка профессионал гана эмес, жаш дизайнерлер, студенттер жана башка бардык каалоочулар катыша аларын белгиледи.
"Конкурс ачык өткөрүлүп, бардык дизайндар соцбаракчаларда добуш берүү үчүн жарыяланат", — деп жазылган маалыматта.
Арыздар 1-февралга чейин электрондук жана кагаз түрүндө Дене тарбия жана спорт департаментинде (Тоголок Молдо көчөсү, 17) же press.sportgovkg@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Кошумча маалымат үчүн 0709 615 122 номерине чалууга болот.
2023-жылы Ханчжоудагы жайкы Азия оюндарында балбан. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0