Балдарга интернеттен да кызыктуураак болушубуз керек. Педагог менен маанилүү маек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСочи спустя пять лет после Олимпиады
Сочи спустя пять лет после Олимпиады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Ырдоо, бийлөө жана музыкалык аспаптарда ойноо баланын мектеп программасын өздөштүрүүсүнө жакшы жардам берерин Sputnik менен болгон маегинде Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери Дария Мусина түшүндүрүп берди.
Педагогика илимдеринин кандидаты, "Балажан" эстетикалык тарбиялоочу окуу-методикалык борборунун директору Дария Мусина интернет менен социалдык тармактардын азгырыгына карабай азыркы балдар классикалык чыгармачылык менен да алектенерин айтты.
— Дария Сапарбековна, кошумча билим берүү тармагында эмне өзгөрүүлөр бар?
— Салттуу түшүнүк боюнча кошумча билим берүү — бул балдардын көркөм жана музыкалык жөндөмүн өнүктүрүү. Буга бий, вокал менен алектенүү, музыкалык аспаптарда, театралдык ийримдерде ойноо, декоративдик көркөм өнөр чеберчиликти үйрөнүү кирет. Бирок бүгүн робототехника, инновациялык технологиялар (жасалма интеллект, программалоо, веб-дизайн ж.б.) менен таанышуу мода боло баштады. Буга кичинекейлерди мектепке даярдоо да кирет. Бала бакчалардын жетишсиздиги — өлкөдөгү ири көйгөйлөрдүн бири. Эгерде бөбөк бакчага барбаса ата-энеси баланын аң-сезимин өнүктүрө турган сабактарга катыштырганга аракет кылат.
© Sputnik / Елена ЯковлеваПедагогика илимдеринин кандидаты, "Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борборунун директору Дария Мусина
Заслуженный работник образования КР Дария Мусина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Педагогика илимдеринин кандидаты, "Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борборунун директору Дария Мусина
— Кошумча билим берүү жаатында эл аралык тажрыйба алмашуулар барбы?
— Бар. КМШ мейкиндигинде балдарга кошумча билим берүү боюнча Евразиялык ассоциация түптөлгөн. Аны Советтер Союзунун кесипкөйлөрүнүн кызматташуусун кайра жандантуу үчүн түзүшкөн. Ассоциацияга кошумча билим берген ири 22 уюм кирет, анын ичинде менчик жана мамлекеттик борборлор да бар.
— Педагогдор кошумча билим берүү тарбиялоонун ажырагыс бөлүгү деп эсептешет. Бул кандай иштеп жатат?
— Башкысы — тарбиялоо. Биз адатта жаштарды тарбиялап чыгабыз дейбиз, бирок аларды кайра тарбиялоого гана мүмкүн.
Педагогдор эгерде бала кезинен тарта эмгекти сүйүүгө, толеранттуулукка, түшүнө билүүгө үйрөтсө, көп маданият менен жакшы салттар бар экенин кулагына куя берсе, кийин ал адамгерчиликтүү, башкаларды урматтай билген адам болуп чоңоет. Ар кыл элдин арасындагы айырмачылыкты канчалык көп билсе, башка улуттардын өкүлдөрүнө ошончолук жакшы мамиле жасай билүүгө тарбияланат. Баланы кичинекейинен эле бөлөктөргө, айланасына кайдыгер карабоого, достукка, колдоо көрсөтө билүүгө тарбиялап баштоо керек...
Ар кыл элдин бийлерин же улуттук оюуларды, саймаларды, дүйнөдөгү чеберлердин, уздарын, усталардын эмгектерин канчалык көп көрүп, жакындан таанышса, баланын аң-сезими ошончолук кеңеет.
— Интернеттин кеңири тарашы балдарыбызды өзгөрттүбү?
— Глобалдуу пикир алышуунун мүмкүнчүлүгү бири-бирибизди жакшы билүүгө шарт түзүп, азыркы балдарды тартынчаак кылбай башкалар менен эркин сүйлөшүүгө, пикир алышууга тартат. Маалыматтык коммуникациялуулук деген бар: билгендерин башкалар менен бөлүшүп, маалыматтарды жөнөтүп, темаларды талкуулап, комментарий жазууга болот. Интернеттен болгон-бүткөн нерсени таап, окуп, көрө алышат. Анан бул жерде кошумча билим берүүдө педагогдордун ролу кандай деген суроо жаралат. Биз интернетке караганда кызыктуураак болушубуз керек. Мектептен сырткары мекемелерге алып баруу ыктыярдуу нерсе. Кошумча билимди каалагандар алат. Кичинекейлерди ата-энелери алып келет, ырдаганды, бийлегенди, сүрөт тартканды, бир нерселерди курап же сахнада ойногонду, башкача айтканда, эмнени тандай турганын болжол менен сегиз жаштан тарта бала өзү чечиши керек. Биздин милдет — ал тандап алган сабакка болгон кызыкчылыгын жоготпоо. Аталган багытты тандап алганына өкүнүп, көңүлү калбашы үчүн баланы биз, педагогдор, көбүрөөк кызыктырышыбыз керек. Бул сабак башка курбалдаштары менен көрүшүп сүйлөшкөнү, чогуу окуганы үчүн интернеттен да кызык болот.
— Бүгүн тенденция кандай болуп жатат? Кызыгуу арттыбы?
— 23 жыл мурда бул борборго иштегени келгенде 300гө чукул бала бар эле. Аларды да, ата-энелерин да жүгүрүп кабыл алып, биздин борбордон кетирбеш үчүн абдан аракет жасачубуз. Ал эми бүгүн бизде жазылуу жабылган, себеби орун жок... 10 жылдан бери ушундай.
Азыр бардык күч-аракет мектеп менен бала бакчаны сактап калууга жумшалууда. Алдын ала божомолдорго таянсак, бир нече жылдан кийин 1-класска баруучуларга орун жетпей калат. Мугалимдер менен тарбиячылар жетпей жаткандыгын эске салсак, секция менен ийримдер туурасында эмне айта алабыз...
— Кошумча билим берүү боюнча бүгүн кайсы багыттар кеңири тараган? Тандоо менен табит өзгөрүп жатабы?
— Стандарттуу сурамжылоо баары бир компьютердик технологияларга суроо-талап көп экенин көрсөтүүдө. Инженерликтин өнүгүшү менен авиамоделдөөгө, кемелерди моделдөөгө ынтызарлык көбөйөт дегенбиз, бирок жаңылыптырбыз. Муну да интернет, графикалык программалоо, жасалма интеллект ээлеп алыптыр. Биз балдар менен жасалма интеллектини колдонууну өздөштүрүү керектигин түшүндүк. Анткен менен көркөм кол өнөрчүлүккө кызыгуу азайган жок. Балдардын ой жүгүртүүсү өтө бай, алар оюндагы, кыялындагы образды тышка алып чыгышы керек. Көп бөбөктөр дүйнөнү башкача көрүп, аны сүрөт менен беришет. "Азыркы балдар музыкадан, бийлөөдөн алыстап кетти" дегендер жаңылышат. Бүгүн музыкалык-эстетикалык жактан активдүү болуп жана көркөм өнөр искусствосуна кызыккандар өлкөдөгү балдардын 68 пайызын түзөт.
Көчөдө бараткан аял жана окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Ата-эненин бала менен сырдаш болгону көп азгырыктан сактайт. Мугалимдин күндөлүгү
— Бул көрсөткүч шаарлар менен айылдарда бирдейби?
— Шаар менен айылда айырма, албетте, байкаларлык. Аймактарда кесипкөй хореограф болбосо да, сүрөт тартып, көркөм өнөр менен алектенген адамдын бар экени талашсыз. Кыргызстандык көп апалар, кыз-келиндер кийизден буюм-тайымдарды жасап иштешет. Ар бир айылда курак кураган, шырдак жасаган, кийиз уюткан, чий чырмаган, сайма сайган уздар бар. Кыздар да көп. Айыл жергесиндеги ийримдердин баары кол өнөрчүлүктүн студиясына айланып кетеби деп чочулаган учурларыбыз да болгон. Кийин анализдеп көрүп, мындай суроо-талап туризмден улам өсүп жатканын түшүндүк. Аны балдар да тез илип кетишти. Эгерде айылга турист келсе, аларга бир нерсе сатууга болорун билип калышты.
— Ошондо бул кызыктуу эле эмес, пайдалуу да болуп жатат да?
— Ооба, мектептен сырткары окутуп, аны менен катар эле кесипке багыт берилүүдө. Кыз бала кандайдыр бир себептер менен атайын же жогорку билим ала албай калса да кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп алат. Жууркан жасап, төшөк көктөп, килем токуп, бут кийимдерди тигип, сувенирлерди даярдай билет.
— Мындай кызыгуунун баланын мүнөзүнө, дене бой жана акыл-эс жагынан өнүгүшүнө тийгизген таасирлери тууралуу кеп кылсак?
— Сүрөт тартуу, сайма саюу, музыкалык аспаптарда ойной билүү майда моториканын өнүгүшүн шарттайт. Манжалардын учунда баланын мээсинин иштешине оң таасирин тийгизген рецепторлор бар. Андыктан кичинекейлер "лего" чогултуп, бир нерсени куруу, жасоо, кесүү, чаптоо менен алектенип турушу керектигин дайыма айтып келебиз. Айтмакчы, мындай нерселер ата-энеге баласын жакшы түшүнүүүгө, маанайын жана эмнелер кооптондурарын билүүгө жардам берет.
Андан сырткары, булар баланын жыйнактуу болушуна да өзүнүн таасирин тийгизет. Учурда уулу же кызы мультфильмди аягына чейин көрбөй башка нерсеге тез алаксып кетерин да көп айтып келишет. Балдар видеону карап, экранды "барактап", кийинкисине өтүп кете беришет. Мындай адаттан улам бөбөк гиперактивдүү болуп чыгат келет. Баарын кайра-кайра кайталоо адаты калыптанат. Маалыматтын көптүгүнөн телефондун же планшеттин экранын кайдыгер карап, айтылгандарга дароо көңүл бурбайт. Адатта мындай учурларда "бир кулагынан кирип, экинчи кулагынан чыгып кетти" деп калабыз.
Кичинекейлердин көбү бир орунда тынч отуруп, аягына чейин укпайт, башка нерсеге алаксыйт. Тесттердеги начар жыйынтыктар, окуган нерсени жакшы түшүнбөй калып жатышы да ушундан.
— Кошумча сабактар эмне үчүн мектептердин бардыгында өтүлбөйт?
— Чындыгында ийримдердин иштеши каралган, саат, каражат бөлүнгөн. Бул жерде көп нерсе директорго байланыштуу. Эгерде ал кызыкдар болсо, театр топтору да, ансамбли да, ийримдери да болот, ал эми окуучулар көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын, сынактардын баарына мүмкүнчүлүгүнө жараша катышат. Администрация кызыкпаса бөлүнгөн ресурстар тиешелүү максатта колдонулбайт. Дагы бир нерсе бар, мектеп жетекчиси 1-"А" шахматка, 1-"Б" бийге барат деп бөлүштүрө баштаганда сабак системасы башталат да, кошумча билим берүүнүн максатын таптакыр өзгөртүп, "өлтүрүп" салат. Окуучуну бийлегенге, сүрөт тартканга же музыкалык аспапта ойногонго мажбурлап көндүрбөй, кызыктырып, өзүнүн каалоосу менен тартышыбыз керек.
Мариф билим берүү комплексинин директору, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Радио
Акматов: этнопедагогиканы окутуу жолун мугалимдерге үйрөтүү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0