Кыргызстандагы популярдуу электромобилдердин баасы. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын унаалардын базарлардагы баасы тууралуу айтып берет. Бул ирет биз соңку бир айда электромобилдердин наркы кандай өзгөргөнүн аныктадык.
Эң көп сатылган машиналарга төмөнкүлөр кирди:
BYD E5;
Nissan Leaf I;
Tesla Model 3;
Volkswagen ID 4;
BYD Yuan II;
Weltmester EX5;
Zeekr 001;
Honda M-NV.
Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир марканын орточо баасы сунушталды. Өтө кымбат жана арзан унаалардын наркы орточо эсептөөгө таасир этиши мүмкүн.
Анализ 12-январда жасалган. Анда доллар Улуттук банкта 89,32 сом турган. 2023-жылкы Zeekr 001 унаасы 57 500гө бааланып эң кымбат автоунаа болду. Ал эми 2011-жылкы Nissan Leaf 2011 эң бюджеттүү машина (7 100 доллар) деп эсептелди.
Баасы бат-бат өзгөргөн Tesla Model 3 бирде 4 800гө кымбаттаса, бирде 9 900гө чейин арзандап жатты.
Honda MN-V машинасынын баасы туруктуу кармалды (баа 500 долларга чейин өзгөрүп турду).
Жаңылыктар түрмөгү
0