Кыргызстанда өлгөн малды союп сатышкан. Кайсы жерде аныкталганы айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМалды союу. Архивдик сүрөт
Малды союу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Жазылуу
Мындай фактылар Каракол, Ош шаарларында, Нарындан Бишкекке ташып келе жаткан учурда белгилүү болгон.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында өлгөн малдын этин сатуу фактылары аныкталууда. Бул туурасында Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов билдирди.
Өкмөт башчынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме жыйын өткөргөн. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер катышты.
Кожобергенов аталган фактылар 2023-жылы мал союучу жайларга рейддерди жүргүзүүдө белгилүү болгонун айткан. Тагыраагы, Каракол шаарында мал союучу жайда жана Ош шаарынын азык-түлүк базарында өлгөн малдын союлганы далилденген. Ошондой эле Нарын облусунан Бишкек шаарына кулаган малдын этин ташыган транспорт каражаттары аныкталган.
Ветеринардык кызматтын директору бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Эт сатуу. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Ооруп өлгөн малдын этин саткандар бар. Министрдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0