Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта жогорулайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАялдамада автобус күтүп турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт
Аялдамада автобус күтүп турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 30-январдан тарта Бишкектеги коомдук транспорттор жол кире акысын жаңы тариф менен ала баштайт.
Бишкектин шаардык кеңеши бүгүн тийиштүү токтомду жарыялады. Документ 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Буга чейин мэрия 15-январдан тарта жаңы тарифтер күчүнө кирбей калганын билдирген. Ага узакка созулган дем алыш күндөрдөн улам документти бекитүү процедурасы соңуна чыкпай калганы себеп болгон.
Тарифтер көтөрүлгөндөн кийин төмөнкүчө болмокчу:
накталай — 20 сом;
накталай эмес төлөм ("Тулпар" картасы) — 17;
мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен — 11 сом.
Коомдук транспорттун жүргүнчүсү жол кире төлөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Мэр Бишкекте жол киренин кантип аныкталганын түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0