Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Давостогу жолугушуу Киевге пайдалуу болгон жок. Кремлдин реакциясы

© AP Photo / Markus SchreiberДүйнөлүк экономикалык форумдун логотиби Давосто көрсөтүлүүдө. Архив
Дүйнөлүк экономикалык форумдун логотиби Давосто көрсөтүлүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Жазылуу
Financial Times басылмасынын Брюсселдеги бюросунун жетекчиси жолугушуунун башкы жетишкендиги — чогуу сүрөткө түшүүдө адам санынын арбыганы деп белгиледи.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Давостогу "тынчтык формуласы" жолугушуусу Россияны талкуулабагандан кийин маанисиз, жөн салды гана сөз болуп калды. Бул туурасында Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканын РИА Новости жазды.
"Бул процесске өзүбүздүн баабызды бир нече ирет бердик. Бул жөн гана сөз болуп калды. Балким ал конкреттүү бир жыйынтыкка келүүгө багытталган эмес, белгилүү себептен — биздин ага катышпагандыгыбыздан улам багытталбаса деле керек", — деди Кремлдин өкүлү.
Ал Москванын катышуусу жок кайсы бир нерселердин талкууланышы ыктымалдыгын, бирок анын майнабы же кандайдыр бир жыйынтыгы болбостугун белгиледи.
Украинадагы абалды тынчтык формуласы менен жөнгө салууга багытталды деген форум 14-январда Давосто улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин деңгээлинде өттү. Ага 83 делегация катышкан. Bloomberg агенттиги иш-чара эч кандай жыйынтыкка келбей аяктагандыгын, себеби анын катышуучулары бирдиктүү позицияга келе албагандыгын жазды. Ал эми Financial Times басылмасынын Брюсселдеги бюросунун жетекчиси Генри Фой "жолугушуунун башкы жетишкендиги — чогуу сүрөткө түшүүдө адам санынын арбыганы" деп белгиледи.
Россия диалогго даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле.
РФ лидери Владимир Путин атайын операция Россияга "башкача кылганга (Батыш — ред.) ылаажы калтырбагандан кийинки аргасыздан жасаган кадамы" экенин айткан. "Коопсуздук жаатында башкача жол менен реакция кылууга мүмкүн эмес болгонун" белгилеген.
Кремлден Москванын талабы башынан белгилүү экенин, Украинадагы абал де-факто кырдаалды жана азыркы учурдагы шарттарды эске салып тынч нукка жылышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Киевдеги Көз карандысыздык аянты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин кеңсеси Киев бийлиги чатактын токтошуна каршы экенин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0