ИИМге сурак берүүгө алып келинген 11 журналист 48 саатка камалды

© AFP / Andreas Arnold / POOL Шектүүнү суракка алуу. Архив
Шектүүнү суракка алуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
Бүгүн таңда ИИМдин кызматкерлери бир нече адамдын үйүн тинтип, андан соң өздөрүн алып кеткен.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Массалык башаламандыкка чакырык жасоо иши боюнча 11 журналист кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн таңда ИИМдин кызматкерлери алардын үйүн тинтип, суракка алып кеткен.

“Тергөө кызматы “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларына 2023-жылдын 30-декабрында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Анын корутундусу 12-январда чыгып, массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасоонун белгилери аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

ИИМ журналисттердин үйүн тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылганын белгиледи. Жалпысынан 162 буюм алынган.
Кармалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылууда.
24KG маалымат агенттиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2024
УКМК 24KG маалымат агенттигин текшерген себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0